Биз жөнүндө

Мектептин тарыхы

1950-жылы Чолпон орто мектеби курулат.
1946-1950-жж. Чолпон районунун ар бир колхозу мектепке бирден класстык бөлмө куруп беришет. Ошентип Чолпон орто мектеби болуп аталып калат. 1950-жылдары Чорлпон орто мектебинде алыскы айылдардан келген кыздар үчүн 20-30 орунду жатак мектеп иштей баштайт. 1956-жылы Чолпон айылында 10 жылдык жаңы мектеп салынып бүтүп окуучулар окуй баштайт. 1958-жылы Чолпон району жоюлуп Кочкор районуна кошулат. 1958-жылы Райком партияга арналып, Чолпонго эки этаждуу жаңы имарат салынган. Ошол жаңы имаратка 280 окуучуга ылайыкташтырылып Чолпон мектеп интернаты уюштурулат. Бул мектеп интернат Кочкор, Жумгал райондорунун малчынын жана жетим балдардын окуусуна шарт түзүү үчүн уюштурулат. 1994-жылы Чолпон мектеп интернаты жоюлуп Чолпон орто мектебине кошулат.
Чолпон орто мектебинин астында 50 балалык мектеп –интернат уюштурулат. 2000-жылы 20-май күнү Чолпон орто мектебине Кочкор Райком партиясынын катчысы болуп 17 жыл иштеген Социалистик эмгектин баатыры Корчубек Акназаровдун ысымы ыйгарылат. Ошондон бери мектеп К.Акназаров атындагы орто мектеби деп аталууда.
2019-жылы 1-апрелде мектеп интернат жабылып, 2020-жылдын
8-январынан тарта бала бакча болуп иштеп жатат.
Мектеп кыргыз тилдүү, жалпы мектеп кабыл алган Уставдын негизинде жана мектептин ѳнүгүшүнүн концепциясына ылайык иш алып барат.  МГ ОТКнын ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, баланын укуктарынын Конвенциясынын, Кыргыз Республикасынын “Билим жѳнүндѳ” мыйзамынын негизинде жүргүзүлѳт жана баланын жеке жѳндѳмдүүлүктѳрүн жана талаптарын эске алуу менен билим берүүнүн диний эмес мүнѳздүүлүгүнүн, демократиялуулуктун, ачыктыктын, жалпы адамзаттын баалуулуктарынын приоритетинин принциптерине туура келет.

 

Эмблема

Биз жөнүндө