Улуу Жеңиш күнүнө 78 жыл
Бүгүн 10-май күнү Кочкор районуна караштуу Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинде 9-май Улуу Жеңиш күнүнө карата кичи иш чара өттү.
Иш- чарага Чолпон айыл өкмөтү келип, анын куттуктоосу менен ачылды. Ошондой эле мектептин коллективинен да мугалимдер кыскача куттуктоолорду жана аталарыбыздын согушта көргөзгөн эрдиги тууралуу сөз кылышты. Андан соң 10-класстын окуучулары согуш учурундагы мезгилди чагылдырып, спектакль ойношту. Анын ичинен обондуу ырлар, декламациялар, көркөм окуулар жана доклад окулду.
Кыскача тарбия саат бүткөндөн кийин жөө жүрүш болду. Парад музыка менен коштолуп ардагерлердин сүрөтүн көтөрүшүп эскеришти. Жөө жүрүш аягына чыккандан кийин Улуу Жеңиш күнүнө арналган эстеликке гүл коюшту.
Комментарии